Эфиопияга азык-түлүк жардамы

БУУ менен Америка Кошмо Штаттарынын азык-түлүк жардамын токтотушунун 1329 кишинин ачкачылыктан каза болушуна себеп болгону билдирилди.

2042857
Эфиопияга азык-түлүк жардамы

Жарандык согуш аяктаган Эфиопиянын түндүгүндөгү Тиграй аймагына Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) азык-түлүк жардамдарын токтотушунун 1329 кишинин ачкачылыктан каза болушуна себеп болгону билдирилди.

Тиграйдагы Саламаттык сактоо изилдөөлөрү институту, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Мекелле университетинин биргелешкен изилдөөсүнө караганда, тынчтык келишими түзүлгөн ноябрь айынан бери аймакта 1329 киши ачкачылыкка байланыштуу себептердин айынан каза тапты.

Май айында жардамдар токтотулгандан бери каза болгондордун саны ай сайын көбөйүп, Тиграйдагы өлүмдөрдүн жарымынан көбү ачарчылыктан улам болгон.

Аймактагы саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин катышуусунда жүргүзүлгөн изилдөөдө, БУУнун жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жардамдарын токтотушу каза болгондордун негизги себептеринин бири экени айтылды.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) жана USAID май айында Эфиопияга жөнөтүлгөн азык-түлүктөр уурдалып кеткенден кийин жардам берүүнү токтотконун жарыялашкан.

Эфиопияда федералдык өкмөт ноябрда козголоңчу Тиграй элдик боштондук фронту (TPLF) менен тынчтык келишимине кол койгон.

Келишимден кийин облустук администрация TPLFке өтүп, уюм болсо куралсыздандырылган.



Тектеш кабарлар