БУУ: «Талибдердин администрациясы менен диалог уланышы керек»

БУУнун Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Ооганстан боюнча сессиясында сөз сүйлөдү.

2042844
БУУ: «Талибдердин администрациясы менен диалог уланышы керек»

 

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ооганстандагы талиптердин администрациясы менен диалогду улантуу керектигин билдирди.

БУУнун Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Ооганстан боюнча сессиясында сөз сүйлөдү.

Дыйканчылыкка негизделген Ооганстандын климаттын өзгөрүшү себеп болгон кургакчылыктан олуттуу жабыр тартканын белгилеген Отунбаева мүчөлөрдү бул өлкөгө жардам берүү планын колдоого чакырды.

Отунбаева көптөгөн гуманитардык жардам программалары жетишсиз каржылоодон улам токтотулганын айтып, өзгөчө кыш айлары жакындаган сайын жардамды тез арада көбөйтүү керектигин баса белгиледи.

Мыйзам бузууларга карабастан талиптердин администрациясы менен диалог жүргүзүүгө каршы сындар бар экенине көңүл бурган Рыза Отунбаева: «Биз талиптердин администрациясы менен диалогду улантууну талап кылабыз. Диалог таанууну билдирбейт. Бул биз сөз болуп жаткан саясаттарды кабыл алабыз дегенди билдирбейт. Тескерисинче, диалог аркылуу бул саясаттарды өзгөртүүгө аракет кылып жатабыз»,-деп өз баасын берди.

Отунбаева тараптардын ортосундагы ишенимдин жоктугу көйгөй жаратып жатканын, бирок диалогдун эшиги дагы эле ачык экенин билдирип: «Көйгөйлөргө карабастан, дагы эле мүмкүнчүлүк бар. Биз диалогдун эшиктери жабылбашы жана диалог өзгөрүүгө алып барышы үчүн аракет кылууну улантышыбыз керек»,-деди.



Тектеш кабарлар