АКШда бир нече дүкөн талоонго алынды
Америка Кошмо Штаттарынын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында көпчүлүгү жаштардан турган топ шаардын борборундагы көптөгөн дүкөндөрдү тоношту.

Америка Кошмо Штаттарынын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында көпчүлүгү жаштардан турган топ шаардын борборундагы көптөгөн дүкөндөрдү тоношту.
Филадельфия полициясы тарабынан жасалган билдирүүдө 18 жаштан төмөн болгон бир топтун шаардын борборунда технология буюмдарынан кийим - кечеге чейин түрдүү секторлордон дүкөндөрдү тоношкону жана окуяларда бир коопсуздук кызматкеринин жараланганы билдирилди.
Билдирүүдө окуяга тиешеси бар көптөгөн адамдардын кармалгандыгы айтылып, талап - тоноочулуктун 14 - августта Эдди Иризарринин полиция тарабынан өлтүрүлүшү менен байланышынын жок экендиги билдирилди.
Иризарри токтоп турган унаасынын ичинде отурган кезде полиция тарабынан атылган алты октон каза болгон.
Прокурорлор Иризаррини жакын аралыктан аткан полиция кызматкери Марк Диалга ар кандай айыптарды жана биринчи даражадагы киши өлтүрүү менен айыпташкан.
Жергиликтүү сот Венди Л.Пью кечээ Диалдын өзүн коргогондугуна жана прокурорлор койгон айыптоодо жетиштүү далилдердин жок экендигине чечим чыгарган.
Тектеш кабарлар

Германияда калың жааган кар күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизди
Калың жааган кардан улам Мюнхен аэропортунда 320 каттам токтотулду.