Вагнер ишин улантууда

Россияда жеке учагы кулап каза болгон Евгений Пригожин негиздеген Вагнер тобу Африка жана Беларуста ишин улантып жатканын жарыялады.

2042524
Вагнер ишин улантууда

Россияда жеке учагы кулап каза болгон Евгений Пригожин негиздеген Вагнер тобу Африка жана Беларуста ишин улантып жатканын жарыялады.

Фирманын социалдык медиа эсебинен берилген маалыматта  жалданма аскер тобунун Африка жана Беларуста ишин улантып жатканыдыгы белгиленди.  Билдирүүдө : "Фирманы жабуу сөз эмес. Менчик аскердик фирманын командирлиги азыр да берилген бардык тапшырмаларды аткарууда жана фирсаны башкарууда",- деп айтылды.  

Россиянын президенти Владимир Путиндин ашчысы" деп билинген жана орус башкаруусуна карата көтөрүлүш баштаган Пригожин бир нече өлкөдө иш алып барган Вагнердин Украина согушунда роль ойноосу менен алдыңкы планга чыкты. 

Курамына соттолгондор да болгон Вагнер тобу Украинанын тышында Сириядагы жарандык согуш менен бирге   Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы түрдүү кагылышууларга аскерлерин жөнөткөн.

Пригожин Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Россиянын Башкы штабынын төрагасы  Валерий Герасимовду "компетентсиздик" жана акыркы айларда Украинада согушуп жаткан Вагнер бөлүктөрүн атайылап аз камсыз кылуу менен айыптаган.

Пригожин 24 - июнда орус бийлигине каршы куралдуу козголоң баштаган. Козголоң Беларус президенти Александр Лукашенконун кийлигишүүсү менен аяктаган.

Пригожин менен Вагнердин жалданма аскерлери козголоңдон кийин Беларусияга барып, Беларус жоокерлерин машыктыра башташкан.

Евгений Пригожиндин  23 -  августта Россияда кырсыкка учураган учакта экендиги билдирилген. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар