Сирия армиясы Идлибге кол салды

Сирия армиясынын Идлиб облусунун түштүк батышында жасаган кол салуусунда экөөсү бала  бала жана төртөөсү аял болгон  аял болгон 10 жаран жараланды.

2042443
Сирия армиясы Идлибге кол салды

Сирия армиясынын Идлиб облусунун түштүк батышында жасаган кол салуусунда 10 жаран жаракат алган, алардын ичинен экөөсү  бала жана төртөөсү аял болгон.

Хаманын түндүк - батышындагы Курин айылында жайгашкан Сирия армиясы жана колдоочулары Идлибдин түштүк - батышындагы Жиср ал-Шугур районуна кургактыктан кургактыкка атуучу куралдар менен  кол салды.  

Сирия армиясынын жасаган кол салуусунда  экөөсү бала  бала жана төртөөсү аял болгон  аял болгон 10 жаран жараланды.

Жабыркагандар тегеректеги ооруканаларга алып барылды.

2017 - жылдагы Астана жыйынында Түркия, Россия жана Иран Сирия администрациясынын көзөмөлүндө болбогон аймакта 4 «чыңалууну азайтуу аймагын» түзүү чечими боюнча келишкен.

Дамаск башкаруучулугу, Иран колдогон террористтер жана Россия кол салууларын улантып, 4 аймактан үчөөсүн  колго алып, Идлибге багыт алган.

Түркия 2018 - жылдын сентябрь айында ок атышпоону бекемдөө үчүн Россия менен кошумча келишим түзгөнүнө карабастан кол салуулар   2019 - жылдын май айында кайрадан күчөдү.  Түркия менен Россия 2020 - жылдын 5 - мартында жетишилген жаңы келишимден кийин ок атышпоо негизинен сакталды.

2017 - 2020 - жылдары кол салуулардан качкан 2 миллионго жакын жаран Түркия чек арасына жакын аймактарга көчүүгө аргасыз болгон.

 

 



Тектеш кабарлар