Россия жана Украинадагы абалдар

Россия Украинанын Белгород жана Курск облустарына учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу аракетине бөгөт коюлганын жарыялады.

2042425
Россия  жана Украинадагы абалдар
rusya karadeniz filosu komutani viktor sokolov.jpg
ukrayna odessa izmail limani.jpg

 Россия Украинанын Белгород жана Курск облустарына учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу аракетине бөгөт коюлганын жарыялады.

Россиянын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Украинанын түн ичинде Россия аймагындагы объектилерге учкучсуз учуучу аппараттар  ​​менен кол салууга аракет кылганы белгиленди.

Билдирүүдө Украинанын 7 учкучсуз учуу аппаратынын Белгород облусунун үстүнөн, 4 учкучсуз  учуучу аппатарттын  Курск облусунун аба мейкиндигинде жок кылынгандыгы маалымдалды. 

Украина аба күчтөрүнүн командирлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Россиянын түн ичинде «Шахед» үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен Украина аймагына кол салгандыгы билдирилди. 

Билдирүүдө орус армиясынын түштүк - чыгыш багытынан 38 учкучсуз учуучу аппарат учургандыгы белгиленип : «26 «Шахед» учуучу аппараты жок кылынды»,- деп айтылды.

Одесса аймагынын аскердик башкармалыгынын башкаруучусу Олег Кипре да соцтармактан  берген билдирүүсүндө түнкү сааттарда Россиянын  2 саат Одессага учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу жасагандыгын белгиледи.

Учкучсуз учуучу аппараттардын көпчүлүгүнүн атып түшүрүлгөндүгүнө көңүл бурган Кипре : «Тилекке каршы, Измаил районундагы порттун инфраструктурасы жабыркап, 2 адам жаракат алды», - деди.

Кипре кол салууда көзөмөл - өткөрүү пунктунун имараты менен кампаларынын зыянга учураганын, болжол менен 30га жакын жүк ташуучу унаа менен 6 чиркегичтин өрттөнгөндүгүн жана өрттүн өчүрүлгөндүгүн белгиледи.

Бир тараптан Украина Севастопольдогу Россиянын Кара деңиз флотунун штабына сокку уруусунун натыйжасында орус Карадеңиз флотунун командири Виктор Соколовдун 22 - сентябрда каза болгондугун  жарыялады.

2022 - жылдын 24 - февралында Россиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук берип,  Россия - Украина согушу башталган.



Тектеш кабарлар