Песков АКШнын Карабахка миссия жөнөтүү ниетине сереп салды
Песков Карабахтагы ыктымалдуу миссия үчүн Азербайжандын макулдугу керек экенин баса белгиледи.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, АКШнын Карабахка миссия жөнөтүү ниетине байланыштуу конкреттүү эч кандай жагдайды көрбөгөндөрүн айтты.
Песков борбор шаар Москвада, АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллердин: «Карабахта эл аралык миссия болушу керек, бул темада шериктештерибиз менен иштешип жатабыз»,-деген сөздөрүнө сереп салды.
Карабахтагы ыктымалдуу миссия үчүн Азербайжандын макулдугу керек экенин баса белгилеген Песков: «Биз азырынча бул маселе боюнча конкреттүү кырдаалды көрө албайбыз. Кандайдыр бир миссия азербайжан тараптын макулдугу менен гана болушу мүмкүн», - деди.
Песков Орусиянын АКШдан айырмаланып Карабах процессине конкреттүү катышканын белгилеп: «Орусиянын Карабах процесси менен өз ара аракеттенүү деңгээлин жана биздин ага катышуубузду АКШ менен салыштыруу мүмкүн эмес. Карабах процессине оозеки эмес, иш жүзүндө катышуубуз жөнүндө да ушуну айтууга болот, муну эч нерсе менен салыштырууга болбойт»,-деди.
Басма сөз катчысы Песков Орусиянын Тынчтык күчүнүн аймакта маанилүү роль ойногонун жана мунун улана турганын да айтты.