Пакистан Нидерландиядагы провокацияны айыптады

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жарыялады.

2042217
Пакистан Нидерландиядагы провокацияны айыптады

Пакистан Нидерландияда Курани Каримге жасалган кол салууну айыптады.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Гаагада Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөр да арасында болгон кээ бир элчиликтердин алдында Курани Каримге жасалган кол салуу “маанисиз жана өтө агрессивдүү” деп мүнөздөлдү.

Билдирүүдө Куранга карата кол салуунун дүйнөнүн төрт бурчундагы мусулмандардын сезимдерин жаралаган атайылап провокациялык жана исламофобиялык кыймыл болгондугуна көңүл бурулуп, сөз эркиндигине жамынып жасалган мындай аракеттерге көз жумуп коюунун мүмкүн эместиги белгиленди.

Пакистандын сөз эркиндигинин жоопкерчиликтерди да кошо алып келерине ишенгени баса белгиленген билдирүүдө, өкмөттөрдүн диний кастыкты козуткан расисттик жана исламофобиялык аракеттерге жигердүү бөгөт коюусу керектиги айтылды.

Пакистандын тынчсызданууларынын Нидерландия бийлигине жеткирилгендиги кабарланган билдирүүдө, Амстердам башкаруусуна мындай жек көрүүчүлүк жана исламофобиялык аракеттердин алдын алуу чакырыгы салынганы маалымдалды.

Нидерландияда расист жана ашынган оңчул Батыштын исламдашуусуна каршы мекенчил европалыктар (PEGIDA) кыймылынын лидери Эдвин Вагенсвелд 23-сентябрда Түркия баш болгон айрым өлкөлөрдүн Гаагадагы элчиликтеринин алдында Курани Каримди кайрадан айрып салган.



Тектеш кабарлар