Камбоджада 7 жылдан кийин Зика вирусу

Билдирүүдө вирустун жайылбашы үчүн алдын алуу чаралардын көрүлгөнү белгиленди.

2041862
Камбоджада 7 жылдан кийин Зика вирусу

Камбоджада 7 жылдан кийин Зика вирусунун биринчи учуру аныкталды.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, өлкөдө 2016-жылдан бери биринчи жолу Зика вирусунун аныкталганы айтылды.

Билдирүүдө Кампонг-Том аймагындагы 7 жашар кыздын денге безгегине шектелип 18-сентябрда ооруканага жаткырылганы, 21-сентябрда анын анализинин жыйынтыгында Зика вирусунун оң чыкканынын тастыкталганы кабарланды.

Билдирүүдө вирустун жайылбашы үчүн алдын алуу чаралардын көрүлгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар