АКШнын танктары Украинага келди...

Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактагы баракчасында Украинанын коргоо министри Рустем Умеровдон «жакшы кабар» келгенин билдирди.

2042034
АКШнын танктары Украинага келди...

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жасаган M1 Abrams танктары Украинага келди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактагы баракчасында Украинанын коргоо министри Рустем Умеровдон «жакшы кабар» келгенин билдирип: «Абрамдар Украинада жана биздин бригадаларды күчтөндүрүүгө даярданып жатышат. Келишимдерди урматтаган союздаштарыбызга ыраазымын»,-деп айтты.

Президент Зеленский жаңы келишимдерди издеп, жеткирүү географиясын кеңейтип жатканын белгиледи.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин өткөн аптада Германиянын Рамштайн базасында өткөрүлгөн Украинанын Коргоо байланыш тобунун 15-жыйынынан мурда сөз сүйлөп, «АКШ мурда убада кылган M1 Abrams танктары жакында Украинага кирет»,-деп айткан.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен, Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевди НАТОго кирүүсүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацизмди жоюуну максат кылып жатканын айткан.



Тектеш кабарлар