Израиль күчтөрү Батыш Шериада 2 палестиналыкты өлтүрдү

Окуяга күбө болгондор Израиль армиясынын Тулкерем шаарындагы лагерге түрдүү чекиттерден кирип келишкенин кабарлашты.

2041422
Израиль күчтөрү Батыш Шериада 2 палестиналыкты өлтүрдү

Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шериадагы Нур Шамс баш калкалоочулар лагерине жүргүзгөн операциясында 2 палестиналыкты өлтүрдү.

Окуяга күбө болгондор Израиль армиясынын Тулкерем шаарындагы лагерге түрдүү чекиттерден кирип келишкенин кабарлашты.

Күбөлөр израилдик күчтөр менен рейдге каршы чыккан палестиналыктардын ортосундагы куралдуу кагылышты баяндап, Израиль армиясынын лагердин көчөлөрүнө жана палестиналыктардын унааларына бульдозер менен зыян келтиргенин белгилешти.

Израиль аскерлеринин огунан башынан жараланган 2 палестиналыктын ооруканага жеткирилгени билдирилди.

Израиль армиясы рейд тууралуу эч кандай билдирүү жасаган жок.

Израиль аскерлери блокададагы Газа тилкесинин чек ара аймагында демонстрацияга чыккан палестиналыктарга ок атканда 4 киши жараланды.

Газада палестиналыктардын Фанатик жөөттөрдүн Месжид-и Аксага жасаган чабуулуна нааразылык иретинде уюштурган демонстрациялар 7-күнү да улантылды.

Израиль күчтөрү палестиналыктарды чыныгы жана резина ок жана көздөн жаш агызуучу газ бомбалары менен таратууга аракет кылды.

Израиль аскерлеринин аткылоосунда 4 палестиналык жараланды.

Палестиналыктардын демонстрациясынан кийин Израилдин куралдуу учкучсуз учуучу аппараты Газанын түндүгүндөгү Хамаска таандык аскердик пунктка абадан кол салды.

Израиль армиясынын билдирүүсүндө, «Израиль армиясынын учкучсуз учуучу аппаратынын зомбулуктуу тополоң чыккан жердин жанындагы Хамаска таандык аскердик пунктту бомбалаганы» белгиленди. Ошондой эле, «Газа чек арасындагы коопсуздук тосмолорунун жанындагы аскердик күчтөргө башаламандык орун алган аймактан ок атылгандыгы» айтылды.

Бүгүн Израиль армиясы басып алынган Батыш Шериада Бирзейт университетине чабуул жасап, көптөгөн студенттерди кармады жана университеттин мүлкүнө зыян келтирди.

Бирзейт университетинин жазуу түрүндөгү жарыясында Израиль армиясынын кампуста жүргүзгөн рейд жана камоолор айыпталып, сөз болгон рейддин университет жана билим берүү мекемелеринин ыйыктыгына, ошондой эле бардык эл аралык нормаларга жана конвенцияларга каршы келгени баса белгиленди.



Тектеш кабарлар