Украина : "Польша менен союздаштык улантылат"
Подоляк Италиянын кеп тираждуу газеталарынын бири болгон «La Repubblica» гезитине берген интервьюсунда акыркы күндөрдө Польша менен болгон келишпестиктерге токтолду.
Украина президенттик аппаратынын кеңешчиси Михаил Подоляк Польша менен Россияга каршы союздаш экендерин жана ошол бойдон калышарын билдирди.
Подоляк Италиянын кеп тираждуу газеталарынын бири болгон «La Repubblica» гезитине берген интервьюсунда акыркы күндөрдө Польша менен болгон келишпестиктерге токтолду.
Подоляк Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкийдин кыска убакыт мурда өлкөсүнүн мындан ары Украинага курал жөнөтпөй тургандыгын айтканын эске салып : "Польша негизги коркунучтун Россия экендигин билет. Биз буга каршы союздашпыз жана ошол бойдон калабыз.
Польшанын аймагы Украинага курал өткөрүүдө логистикалык бир борбор жана келечекте да ошол бойдон калат. Польшанын шайлоо алдындагы мезгилден өтүп жаткандыгына көңүл буруу керек. Ошондуктан алар үчүн айыл чарба азык - түлүк өндүрүүчүлөрдүн жана фермерлердин кызыкчылыктарын коргоо маанилүү. Россия тоскон Кара деңизге альтернативдүү экспорт жолдорун табуу биз үчүн абдан маанилүү”,-деди.
Подоляк Украинага курал - жарак боюнча жардам берген өлкөлөр азаябы же мунун өздөрүн тынчсыздандырабы деген суроого : "Андай эмес анткени бир нече өкмөт бизге түрдүү курал системаларын берип жатат. АКШ негизги өнөктөшүбүз. Айрым өлкөлөр чоң өлчөмдө курал берди жана азыр ички муктаждыктан улам азаюу юар. Бул нормалдуу абал бирок бул эми бизди колдоону каалабайт деген мааниге келбейт",- деп жооп берди.
Бул күндөрдө жасалган саясий билдирүүлөрдү сабырдуулук менен тосуп алганын белгилеген Михаил Подоляк : «Шайлоодон кийин поляк досторубуз менен диалогубуз тынчып, соода, союздаштык жана жабдыкка байланыштуу маселелерди чечебиз деп ишенем",- деди.