Италиянын мурунку президенти Жоржио Наполитано дүйнөдөн кайтты
Жоржио Наполитано 98 жашында борбор шаар Римде дарыланып жаткан клиникада каза болду.

Италиянын мурунку президенти Жоржио Наполитано 98 жашында борбор шаар Римде дарыланып жаткан клиникада каза болду.
Президент Сержио Маттарелла көңүл айтуу билдирүүсүндө: «Анын өлүмү мени терең кайгырты. Республиканын ыраазычылыгын билдирем»,-деди.
Премьер-министр Жоржия Мелони да Италия өкмөтүнүн атынан Наполитанонун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын президенти Рим Папасы Франциск, Наполитанонун каза болгондугуна кайгыргандыгын белгилеп, ал тууралуу : «Италия үчүн оор мезгилде туура жана маанилүү тандоолорду жасаган адам»,- деди.
Наполитано 2006 - жылы 2 - Романо Проди өкмөтүнүн талапкерлиги жана солчул партиялардын колдоосу менен Италия Республикасынын 11-президенти болуп шайланган.
Наполитанонун 2013 - жылы 7 жылдык президенттик мөөнөтүнүн аякташы менен Италия олуттуу каржылык карыз кризисинен жана шайлоодон кийин өкмөттү түзө албагандыктан саясий кризиске туш болгон.
Саясий кризистин президенттик шайлоо менен күч алюашы үчүн оң жана сол партиялардын бирдикте талапкер көрсөтүүсү менен Наполитано 2013 - жылы дагы бир жолу пррезидент болуп шайланды.
Ушундайча Наполитано 1946 - жылдан бери республика башкарып келе жаткан Италияда экинчи жолу бул кызматка шайланган биринчи адам катары тарыхта калды.
Наполитано 2014 - жылы өлкөдө саясий туруктуулуктун түзүлүшү менен 2015 - жылдын башында президенттиктен кетип, экинчи 7 жылдык мөөнөтүн аяктабастан кызматтан кеткен.
Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүн колдогон италиялык саясатчылардын бири Жоржио Наполитано 2009-жылы 16-19-ноябрь күндөрүнүн аралыгында Түркияга ошол кездеги президент Абдуллах Гүлдүн коногу катары расмий сапар менен келген. Анкарадагы расмий жолугушууларында Наполитано Европа Биримдигин Түркияга ошол убакта берген убадаларын аткарууга чакырган.