Британия Эфиопияга сөөгү талап кылынган ханзааданын бир өрүм чачын тапшырды
Эфиопия маалымат агенттигинин (ENA) кабарына караганда, 1868-жылы Эфиопия аймагына кирген жана чыгып баратканда 7 жаштагы ханзаада Алемайехуну барымтага алган британиялыктар өз аймагында каза болгон ханзааданын чачын 144 жылдан кийин кайтарып беришти.

Британия 144 жыл мурун каза болгон эфиопиялык ханзааданын сөөгүнүн ордуна Эфиопия өкмөтүнө бир өрүм чачын тапшырды.
Эфиопия маалымат агенттигинин (ENA) кабарына караганда, 1868-жылы Эфиопия аймагына кирген жана чыгып баратканда 7 жаштагы ханзаада Алемайехуну барымтага алган британиялыктар өз аймагында каза болгон ханзааданын чачын 144 жылдан кийин кайтарып беришти.
Эфиопиядан империяга таандык көп сандаган тарыхый чыгарманы уурдаган Британия көптөгөн жолу талап кылынган сөөктүн ордуна ханзааданын чачын бир фонд аркылуу Эфиопияга берди.
18 жашка чейин Британия жашап, ошол жерде каза болгон ханзаада Алемайеху британиялыктарга каршы согушта жеңилгенден кийин өз жанын кыйган император Теводростун уулу болгон.
Чача менен ханзаада Алемайехунун атасы император Теводростун башкаруусуна таандык айрым буюмдар да кайтарылды.
Британия ханышасы Викторияга кат жазып, жардам сураган император Теводрос көп жылдар бою катына жооп алган эмес.
Британиянын талабын жоопсуз калтырганына жооп катары өлкөсүндөгү айрым дипломат жана миссионерлерди камакка алган Теводрос бардык аракеттерге карабастан бул адамдарды бошотуудан баш тартты.
Британия туткундарды куткаруу үчүн 1868 - жылы аскердик кийлигишүүдө болгон өлкөдөн чыгып баратып көп сандаган тарыхый чыгармаларды да талап - тоногон.
Тектеш кабарлар

Газа тилкесине гуманитардык жардам ташыган 100 жүк ташуучу унаа келди
Бул тууралуу Палестина Кызыл Жарым Айынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө айтылды.