Путин менен Алиев телефон аркылуу сүйлөштү

Кремлден берилген маалыматта  Путиндин Алиев менен Карабах темасында телефон аркылуу сүйлөшүү  өткөргөндүгү билдирилди.

2040598
Путин менен Алиев телефон аркылуу сүйлөштү

Россиянын президенти Владимир Путин менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Карабах тууралуу өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө үч тараптуу келишимдерге ылайык  жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү активдештирүү чечиминин кабыл алынганы билдирилди.

Кремлден берилген маалыматта  Путиндин Алиев менен Карабах темасында телефон аркылуу сүйлөшүү  өткөргөндүгү билдирилди.  

 Путин менен Алиевдин Карабахтагы кагылышууларды толугу менен токтотуу боюнча Россиянын тынчтык күчүнүн жардамы менен түзүлгөн келишимдердин  ырааттуу ишке ашырылышынын маанисине көңүл бургандыгы  белгиленген маалыматта ушунун негизинде Баку жана  Армениянын өкүлдөрүнүн ортосунда тынчтык күчтөрүнүн ортомчулугу менен башталган сүйлөшүүлөргө чоң маани бергендиги билдирилди. 

Аймактагы абалды мындан ары турукташтыруу жана гуманитардык көйгөйлөрдү жеңүү үчүн артыкчылыктуу кадамдар талкууланган сүйлөшүүдө  Путиндин Карабахтагы армян калкынын укуктарын жана коопсуздугун түзүүнүн маанисинин баса белгилегени билдирилди. 

Билдирүүдө Азербайжан тараптын да  бул маселелер боюнча Россиянын Тынчтык күчү  менен өз ара аракеттенүүгө даяр экени ырасталганы айтылды.

 

Сүйлөшүүдө 2020 - 2022 жылдардагы үч тараптуу келишимдердин негизинде сүйлөшүү жолундагы иштердин эң жогорку деңгээлде активдештирүү тууралуу макулдашуу түзүлгөндүгү билдирилген маалымата аймактагы  транспорттук байланыштардагы тоскоолдуктардын жоюлушу, Азербайжан - Армения чек арасын аныктоо жана Баку менен Еревандын ортосунда тынчтык келишимин даярдоо иштерин  активдештирүүнүн бул сүйлөшүүлөрдүн ичинде экендиги эске салынды.  камтылганы эскертилди.

Алиевдин 20 -  сентябрда Карабахта орус Тынчтык күчүнүн аскердик кызматкеринин тргаедиялуу өлүмүнөн улам кечирим сурагандыгы жана көңл айткандыгы белгиленген билдирүүдө окуя тууралуу кенен териштирүүнүн жасалары жана жооптуулардын керек болгон жазаны алары баса белгиленди. Билдирүүдө ушунун негизинде эки өлкөнүн башкы прокурорлорунун жакын байланышта экендиги белгиленип, Алиевдин жапа чеккендердин үй  -  бүлөлөрүнө финасылык жардам берүүгө даяр экендигин да айткандыгы да маалымдалды. 

Азербайжандын Коргоо министрлиги, Карабактагы Жанятак отурукташуу пунктуна жакын  орус Тынчтык күчтөрүн ташыган унаага ок атылышынын натыйжасында унаадагы аскерлердин каза болгондугун билдирген. 

 

 



Тектеш кабарлар