Польша Украинанын элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырды
Тышкы иштер министринин орун басары Павел Яблонский Украинанын элчиси Василий Зваричке Зеленскийдин Европа Биримдигине дан ташууга бөгөт коюлушуна байланыштуу сөздөрү үчүн катуу нааразычылыктын билдирилгендиги белгиленди.
Польша Украинанын Варшавадагы элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырып, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Европа Биримдигине эгин ташууга эмбарго боюнча айткан сөздөрүнө нааразычылык билдирди.
Министрликтин интернет сайтынан берилген маалыматта Тышкы иштер министринин орун басары Павел Яблонский Тышкы иштер министрлигине чакырылган Украинанын элчиси Василий Зваричке Зеленскийдин Европа Биримдигине дан ташууга бөгөт коюлушуна байланыштуу сөздөрү үчүн катуу нааразычылыктын билдирилгендиги белгиленди.
"Көп тараптуу форумдарда Польшага кысым жасоо же эл аралык сотторго арыздануу менен эки өлкөнүн ортосундагы келишпестиктердин чечилиши үчүн ылайыктуу метод эмес",- деп айтылган билдирүүдө Польша өкмөтү таштаган кадамдардын польшалык дыйкандардын кызыкчылыгын коргоону максат кылгандыгы, улуттук мыйзамга, Европа Биримдигинин мыйзамына жана эл аралык мыйзамга ылайык экендиги, бул кыймылдардын Польшага каршы таасирдүү болбой тургандыгы баса белгиленди.
Польшанын премьер - министри Матеуш Моравецкий өз өлкөсүнүн коргонуусуна алдыңкылык бергендиигин белгилеп Украинага курал - жарак жеткирүүнүн токтотула турганын айтты.
Зеленский 19 - сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө: «Европадагы айрым досторубуздун саясий театрда тилектештикти кантип ойноп, дандан триллер жасап жатканын көрүү тынчсыздандырууда",- деп Венгрия, Польша жана Словакиянын Украинанын айыл чарба продукцияларынын импорттоосуна киргизген чектөөлөргө токтолгон.
Европа Биримдиги комиссиясы 15 - сентябрда Украинадан дан жана башка айыл чарба продукцияларынын өткөрүлүшүнө карата эмбаргону узарткан жок. Андан кийин Венгрия, Польша жана Словакия Украинадан дан импортуна бир тараптуу тыюу салгандарын жарыялады.
Буга жооп катары Киев Дүйнөлүк Соода Уюмуна арыз берген.
Польшанын премьер - министри Матеуш Моравецкий бүгүн жасаган билдирүүсүндө, Украинанын Польшага каршы Дүйнөлүк Соода Уюмунун алдында ачылган доосун кабыл албай тургандарын белгилеп : "Украина жетекчилерин эскертем, эгерде келишпестикти ушундай жол менен курчута турган болсо, Польшанын аймагына импорттоого тыюу салуусуна дагы көп продукцияны кошобуз",- деди.