АКШнын Бейруттагы элчилигине ок атылды
Ливан медиасында орун алган кабарга караганда борбор шаардын түндүгүндөгү АКШнын Бейрут элчилигинин имаратына карата куралдуу кол салуу болду.
2040238

АКШнын Бейрут элчилигинин имаратына азырынча ким экендиги белгисиз киши же кишилер тарабынан ок атылгандыгы маалымдалды.
Ливан медиасында орун алган кабарга караганда борбор шаардын түндүгүндөгү АКШнын Бейрут элчилигинин имаратына карата куралдуу кол салуу болду.
Тыштан атылгандыктан айрым октор имараттын негизги эшигине жана анын алдындагы унаа токтотуучу жайдагы унааларга тийген.
Кол салууда кандай курал колдонулгандыгы жана жабыркагандардын бар же жок экендиги тууралуу маалымат берилген жок.
Элчилик азырынча кол салуу боюнча билдирүү жасай элек.
Окуянын АКШнын элчилик имаратына 1984 - жылы 20 - сентябрда бомба жайгаштырылган унаа менен жаслаган кол салуунун 39 - жылына туура келгендиги көңүлдөрдү бурууда.