Украина Кенияда дан борборун ачат

Кениянын президенти Уильям Руто Украинанын Африканын чыгышындагы азык - түлүк маселесин чечүү үчүн Момбаса портунда дан борборун ача тургандыгын жарыялады.

2039839
Украина Кенияда  дан борборун ачат

Кениянын президенти Уильям Руто Украинанын Африканын чыгышындагы азык - түлүк маселесин чечүү үчүн Момбаса портунда дан борборун ача тургандыгын жарыялады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Руто АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун  Башкы ассамблеясынын  78 -  сессиясынын алкагында жолугушту.

Руто X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө Зеленскийдин  Африканын чыгышындагы чукул азык-түлүк муктаждыктарын канааттандыруу үчүн Момбаса портунда дан борборун түзүүнү убада кылгандыгын айтты.

Руто кыйынчылыктын  жеңилдетилиши жана кыйроолордун токтошу  үчүн өлкөсүнүн Россия  - Украина согушунун тынчтык жолу менен чечилишин колдой тургандыгын билдирди.

Африкадагы 25 өлкө жыл сайын буудай импортунун үчтөн биринен көбүн Россия менен Украинадан импорттойт.

Россия - Украина согушу башталгандан бери (2022-жылдын февраль айы) азык-түлүк бааларынын жогорулашынан улам кыйын күндөрдү   өткөргөн Африка өлкөлөрү эки өлкөнүн ортосунда тынчтыкты түзүү   демилгесин көтөрүштү.

Африка Биримдиги комиссиясынын төрагасы Муса Факи Мухаммед Кара деңиз дан коридору келишиминин токтотулушун айыптагандарын белгилеп, тараптарды келишимди улантууга чакырды.



Тектеш кабарлар