Кытайда катуу куюн болду

Алдын ала маалыматтарга караганда, куюндан 5512 адам жабыркап, 1646 үй зыянга учурады, 405 адам коопсуз аймактарга көчүрүлдү.

2040048
Кытайда катуу куюн болду

Кытайдын Цзянсу аймагындагы куюндан 5 адам каза болуп, 4 киши жаракат алды.

Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясынын Суцянь шаарында куюн болду.

Дасин жана Нанкай райондорунда таасирдүү болгон куюндан улам унаалар учуп, электр зымдары оодарылды. Куюн алып келген кырсыктардан 5 адамдын каза тапканы, 4 адамдын жаракат алганы белгилүү болду.

Алдын ала маалыматтарга караганда, куюндан 5512 адам таасирленип, 1646 үй зыянга учурады, 405 адам коопсуз аймактарга көчүрүлдү.

Суцянь шаарындагы 41,8 гектардык айыл чарба жери да зыян тартты.


Этикеткалар: #Кытайдын Цзянсу

Тектеш кабарлар