Иранда кум бороону
Систан-Белужистандын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Мажид Мухибби кырдаал тууралуу билдирүү жасады.

Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан-Белужистан провинциясында кум бороонунун себебинен көрүү аралыгы төмөндөп, кээ бир мамлекеттик мекемелер жабылды.
Ирандын расмий IRNA агенттигине маалымат берген Систан-Белужистандын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Мажид Мухибби кырдаал тууралуу билдирүү жасады.
Мухибби: "Кум жана чаң бороонунан улам Систан-Белужистандын түндүгүндөгү Забул, Зехек, Хамун, Хирменд жана Нимруз шаарларында айрым мамлекеттик мекемелер жабылды",- деди.
Систан-Белужистан метеорологиясынын башкы директору Мухсин Хейдари да абадагы чаңдын көбөйүшүнүн себебинен көрүү аралыгы Забулда 800 метрге, Зехекте 500 метрге чейин азайгандыгын айтты.
Ирандык жетекчилер жарандарга, өзгөчө жүрөк жана дем алуу органдарынан жабыркагандарга зарыл болбосо сыртка чыкпоону сунуштады.
Тектеш кабарлар

Газа тилкесине гуманитардык жардам ташыган 100 жүк ташуучу унаа келди
Бул тууралуу Палестина Кызыл Жарым Айынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө айтылды.