Британиянын падышасы Францияга барды

Британиянын падышасы менен Франциянын президенти эки тараптуу жолугушууда климат, биологиялык ар түрдүүлүк, жасалма интеллект, ошондой эле Сахел жана Украинадагы кырдаалды талкуулашат.

2040112
Британиянын падышасы Францияга барды

Британиянын падышасы Чарльз III тактыга отургандан кийин биринчи жолу Францияга расмий сапар жасоодо.

Мамлекеттик сапарынын алкагында жубайы ханыша Камилла менен Франциянын борбор шаары Парижге барган король Чарльзды Орли аэропортунда Франциянын премьер-министри Элизабет Борне тосуп алды.

Король Чарльз III жана жубайы Камилла Париждин белгилүү көчөсү Шанзелизеде жайгашкан Arc de Triomphe аянтында Франциянын президенти Эммануэль Макрон, жубайы Брижит Макрон жана Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну тарабынан тосулуп алынды.

Король Чарльз III менен Макрон Елисей сарайына бир унаа менен барышты.

Британиянын падышасы менен Франциянын президенти эки тараптуу жолугушууда климат, биологиялык ар түрдүүлүк, жасалма интеллект, ошондой эле Сахел жана Украинадагы кырдаалды талкуулашат.

Жолугушуудан кийин Король Чарльз III Макрондун ал үчүн Версаль сарайында бере турган расмий кечки сый тамакка катышат.

Король Чарльз III Францияга 3 күндүк сапарынын алкагында эртең Франция парламентинин жогорку палатасы Сенатта сөз сүйлөп, андан соң реставрация иштери жүрүп жаткан Нотр Дам соборуна барат.

Британиянын падышасы Чарльз III 22-сентябрда өлкөнүн түштүгүндөгү Бордо шаарына барып, ал жактагы француз жана британ аскерлери менен жолугушат.

Король Чарльз III 26-29-март күндөрү Франциянын ар кайсы шаарларына пландалган сапары өлкөдө ошол кезде күчөгөн нааразылык акцияларынан улам кийинкиге жылдырылган болчу.



Тектеш кабарлар