Борбор Азия - АКШ мамлекет башчыларынын саммити
Нью - Йоркто Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Америка Кошмо Штаттарынын мамлекет башчылары катышкан С5+1 форматындагы Борбор Азия-АКШ мамлекет башчыларынын биринчи саммити өттү.

Нью - Йоркто Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Америка Кошмо Штаттарынын мамлекет башчылары катышкан С5+1 форматындагы Борбор Азия -АКШ мамлекет башчыларынын биринчи саммити өттү.
АКШнын президенти Жо Байдендин жетекчилигинде өткөргөн саммитке Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахман жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышты.
Биринчи жолу өткөрүлгөн саммитте лидерлер С5+1 диалогунун алкагында экономика, энергетика жана коопсуздук тармактарында Борбор Азиянын эгемендүүлүгүн, туруктуулугун жана өнүгүшүн мындан ары бекемдөө боюнча биргелеше аткарыла турган иштерди талкуулашты.
Саммитте стратегиялык өнөктөштүк, саясий диалог, соода, экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн перспективалары, ошондой эле Евразияда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо маселелери кеңири талкууланды.
Мындан 8 жыл мурун Самаркандда тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде түзүлгөн С5+1 форматы мамлекет башчыларынын деңгээлине көтөрүлгөндүгү, Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосунда бардык тармактарда ачык жана конструктивдүү диалог менен кызматташууну өнүктүрүү үчүн маанилүү платформага айлангандыгы белгиленди.
Лидерлер Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтык менен бирге киберкоопсуздук, терроризм, зордук - зомбулук экстремизми, мыйзамсыз миграция жана баңги аткезчилиги да болгон коопсуздук маселелеринин чечилишинде кызматташтыкты чыңдоого байланышкан маселелер тууралуу сүйлөшүштү.
Саммитте сөз сүйлөгөн Токаев БУУнун Борор Азия жана Афганистандагы Регионалдык Туруктуу өнүгүү максаттары борборунун Алматыда курулушу тууралуу АКШнын колдоосуна ишенгендерин билдирди.
Мирзиёев соода, инвестиция иштерин күчөтүү, долбоордук кызматташтыкты түзүү, аймактагы транспорт коридорлорун өнүктүрүү, адам укуктарын камсыздоо, билим берүү программаларын жайылтуу, Афганистандагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселелерине көңүлдөрдү бурду.
Жапаров да саммиттин өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөө, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, соода, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн ылайыктуу шарттарды жаратууну максат кылышы керектигин белгилеп : "С5+1 форматы да болгон АКШ менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири",- деди.
Рахман болсо күчөп бараткан кыйынчылык жана коркутуулар, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү, аймактык коопсуздукту камсыздоо, Афганистандагы саясий кырдаал жана Тажикстандын Афганистан менен чек арасын коргоо маселелерине токтолуп, бул процессте эл аралык колдоо жана кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Саммиттин акырында Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосунда өз ара бири бирин түшүнүшүүнүн тереңдетилиши жана конструктивдүү өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча макулдашууга жетишилди.