Путин АКШнын "касеталык бомбасына" каршылык көрсөттү
Владимир Путин АКШнын бардык нерсени экономикалык санкция жолу менен коркутуу менен же күч колдонуу менен чечүүгө аракет кылгандыгын айтты.

Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын бардык нерсени экономикалык санкция жолу менен коркутуу менен же күч колдонуу менен чечүүгө аракет кылгандыгын айтты.
Путин Россиянын Сочи шаарында Беларус президенти Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.
АКШнын Украинага жиберген касеталык бомбаларынын "атайын операция аймагында" колдонулушуна байланыштуу акыркы абалга баа берген Путин : "Кенен түрдө колдонулууда. Өзүнүн өзгөчө экендигин ойлогон бир өлкө бар ал да АКШ. Кылмыш катары көргөн нерселерди да өзүнүн аткарышына уруксат берүүдө анткени касеталык бомбаларды колдонгон АКШ азыр Украина армиясынын колу менен бомбаларды колдонууда",- деди.
Путин Россия менен Украинанын ортосундагы ыктымалдуу сүйлөшүү процессинин келечегине байланыштуу берилген суроо боюнча бул темада бардык нерсеге АКШнын чечим чыгаргандыгын, бардык нерсени экономикалык санкциялар же финансылык чектөө жолу менен коркутуу менен же күч колдонуу менен чечүүгө аракет кылгандыгын айтты.
2022 - жылы 24 - февралдан бери согушуп жаткан Украина менен эч качан сүйлөшүүлөрдү четке какпагандарын баса белгилеген Путин : "Ошондуктан экинчи тарап (Украина) муну аткарууну каалап жаткан болсо аткарсын жана муну түздөн түз айтсын. Мен айтып жатам бирок экинчи тараптан эч нерсе уккан жокпуз",- деди.
Путин батыштын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Россия сапарынын аймакта чыңалууну күчөткөндүгүн, Россиянын "атайын операциясына" кошулуу үчүн Түндүк Кореядан ыктыярдууларды жиберишин каалагандыгы тууралуу айтылгандардын туура эмес экендигин айтты.
Путин Түндүк Кореянын Россиянын коңшусу экендигин жана коңшулары менен жакшы коңшулук карым - катнаштардын курулушу керектигин баса белгилеп : "Россия - Түндүк Корея карым - катнаштарын өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издейбиз",- деди.