Ливиядагы сел апааты...

Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтүнүн премьер-министри Абдулхамид Дибейбе өлкөсүндөгү башталгыч жана орто мектептерди 10 күнгө жапканын жарыялады.

2037254
Ливиядагы сел апааты...

Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтүнүн премьер-министри Абдулхамид Дибейбе өлкөсүндө 6 миңден ашуун кишинин каза болгон сел апаатынан улам башталгыч жана орто билим берүү мекемелеринде билим берүүнүн 10 күнгө токтотулганын жарыялады.

Дибейбе Фейсбук социалдык тармагындагы билдирүүсүндө: «Кырсыктан жапа чеккен шаарлардагы оор абалды эске алып, өлкө боюнча башталгыч жана орто билим берүү мекемелеринде окууну 10 күнгө токтотууну чечтим»,-деп айтты.

Дибейбе селден улам үйлөрүн таштап кеткендерди жайгаштыруу үчүн 700 керебеттүү кеменин Дерне жээгине багытталганын да жарыялады.

Бир тараптан Дибейбе «Даниел» бороонунда Дернедеги эки дамбанын кыйрашына байланыштуу «шашылыш иликтөөгө» буйрук берди.

Дибейбе, X социалдык медиа эсебинен болсо,«Башкы прокурорго Дернедеги эки дамбанын кыйрашы боюнча тез арада иликтөө жүргүзүүнү жана тиешелүү мекемелерге тергөө менен толук кандуу кызматташууну тапшырдым»,-деп бөлүштү.

Ливиялык тарыхчы Ферак Давуд ед-Дернави Дерненин жарымынын өрөөндүн түбүндө болгонун жана шаардын түштүктөн келген жамгыр сууларынын баары куюлган жерде экенин белгилеп: «Дэниел бороон-чапкынынан кийин шаарда жамгыр суусун кармап турган эки дамба урап калды. Бул толугу менен апаат болду»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар