Ливандагы Палестина лагериндеги кагылышуу

Айн ел  - Хелвада  7 -  июлдан бери болуп келе жаткан кагылышууларда  15 киши каза болуп, 150 киши жараланды.

2037389
Ливандагы Палестина лагериндеги кагылышуу

Ливандагы палестиналыктар баш калкалаган эң чоң качкындар лагери Айн ел  - Хелвада  7 -  июлдан бери болуп келе жаткан кагылышууларда  15 киши каза болуп, 150 киши жараланды. 

Ливандын расмий агенттиги NNAда орун алган кабарда Айн ел   - Хелва лагеринде Фатх кыймылы жана башка палестиналык топтордун арасында  11 -  сентябрда түзүлгөн ок атышууга карабастан кагылышуулардын уланып жаткандыгы билдирилди. 

Лагерде 7 - 14 -  сентябрдын арасындагы кандуу кагылышууларда  15  кишинин каза болгондугу, 150 кишинин жаралангандыгы маалымдалды. 

Айн ел  - Хелвадагы кагылышуулардын токтошу үчүн жүргүзүлгөн бардык демилгелер жана түзүлгөн ок атышпоонун ийгиликсиз болгондугу билдирилди. 

Палестинанын биргелешкен кыймыл комитети Ливандын премьер - министри Нажиб Микатинин чакыруусу менен 11  - сентябрда Айн ел Хелвада тараптардын ортосунда ок атышпоо келишими түзүлгөнүн жарыялаган.

Ливандагы палестиналык качкындардын 12 лагеринин эң чоңу болгон Айн ел - Хелвада 55 миңге жакын палестиналык жашоо үчүн күрөшүп жатат.

Ливан менен палестиналык топтордун ортосунда 1969 - жылы кол коюлган Каир келишимине ылайык, лагерлердин ички коопсуздугун палестиналык топтор камсыздайт, ал эми кирүү жана чыгуулар Ливан армиясынын көзөмөлүндө.

 



Тектеш кабарлар