Гутерреш : "Кара деңиз дан демилгесин жандандыруу тууралуу чечкиндүүмүн"
Гутерреш АКШнын Нью - Йорк шаарындагы БУУнун имаратында маалымат берди.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш Кара деңиз дан демилгесин жандандыруу тууралуу чечкиндүү экендигин ушунун алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү уланта тургандыгын билдирди.
Гутерреш АКШнын Нью - Йорк шаарындагы БУУнун имаратында маалымат берди.
Келээрки жумада боло турган БУУнун Башкы ассамблеясында президент Режеп Таййип Эрдоган, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен өз-өзүнчө жолугуша турганын белгилеген Гутерриш жолугушууларда Дан демилгесинин маанилүү күн тартиби болорун айтты.
Антонио Гутерреш : "Кара деңиз дан демилгеси тууралуу үмүмтүм бар же үмүтүм жок деп айта албаймын. Бир гана айта ала турган нерсе Кара деңиз дан демилгесин жандандыруу тууралуу чечкиндүү экендигим",- деди.
БУУнун баш катчысы Россига карата санкцияларды бузбастан орус азык - түлүк жана жер семирткичтери менен Украина данынын экспортунун кайрадан жүрүшү үчүн бардык аракетти көрсөтө тургандыгын билдирди.
Украинада тынчтык сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу Гутерреш ортомчу ролду ойноо мүмкүнчүлүгүн кубаттай тургандыгын белгилеп : "Бирок бул жерден азыр да алыстабыз"- деди.
Гутерреш Украинада «кандайдыр бир тынчтыкты» эмес, БУУнун Шарты жана эл аралык укукка ылайык адилеттүү тынчтыкты колдогондорун баса белгиледи.
Тектеш кабарлар

Германияда калың жааган кар күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизди
Калың жааган кардан улам Мюнхен аэропортунда 320 каттам токтотулду.