Марокко Алжирдин жардам сунушун четке какты

Алжирдин тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Алжир өкмөтү Марокко Королдугунан ал сунуш кылган гуманитардык жардамга муктаж эместигин билдирген расмий жооп алды»,делди.

2036472
Марокко Алжирдин жардам сунушун четке какты

Марокко өлкөдө болгон 7 баллдык жер титирөөдөн кийин Алжирдин «шашылыш гуманитардык жардам» сунушун четке какты.

Алжирдин тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Алжир өкмөтү Марокко Королдугунан ал сунуш кылган гуманитардык жардамга муктаж эместигин билдирген расмий жооп алды»,делди.

Алжирдин ар кандай муктаждыктарды канааттандырууга даяр гуманитардык жардам материалдары менен толтурулган үч учакты күттүрүп турганы билдирилип, Марокко Тышкы иштер министрлигинин башкы директорунун Алжирдин Касабланкадагы башкы консулуна «өлкөсүнүн Алжирдин жардамына муктаж эместигин» билдирген маалымат жөнөткөнү айтылды.

Мароккодо 8-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.10до очогу Марракештин Эль-Хуз аймагында болгон күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп өткөн.

Жер титирөөнүн Касабланка, Мекнес, Агадир жана Фес шаарлары менен борбор шаар Рабатка өзгөчө таасир эткени белгиленди.

Марокконун Ички иштер министрлиги акыркы маалыматтарга караганда жер титирөөдө каза болгондордун саны 2 миң 901, жаралуулардын санын 5 миң 530 деп жарыялады.

2020-жылы Марокко менен Израилдин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин нормалдашуусунан кийин Израилдин ошол кездеги тышкы иштер министри Яир Лапид 2021-жылдын 11-августунда биринчи жолу Рабатка расмий сапар менен барган.

Лапид марокколук кесиптеши Насер Бурита менен Рабатта өткөргөн биргелешкен пресс-конференцияда Алжирдин аймактагы ролунун жогорулашынан жана Иран менен жакындашуусунан тынчсызданганын билдирген.

Мындан улам Алжирдин Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Марокконун тышкы иштер министри Буританын Алжирге каршы «Израилди коркунучтуу бир авантюрага тартуу үчүн жашыруун амбициялары бар экени» белгиленген.

Сөз болгон билдирүүдөн кийин Алжирдин ошол кездеги тышкы иштер министри Рамтан Ламамра Марокконун 2021-жылдын 24-августундагы «душмандык аракеттеринен» улам Марокко менен дипломатиялык карым-катнаштарын үзүү чечимин чыгаргандарын жарыялаган.

Марокко менен Алжирдин ортосунда Батыш Сахара маселесинен улам көп жылдардан бери чыңалуу бар.

Марокко Алжирди Батыш Сахара аймагындагы жикчил Полисарио фронтун колдоп жатат деп айыптоодо. Алжир коңшусу Марокконун Батыш Сахарадагы кадамдарын колдобой турганы белгилүү.



Тектеш кабарлар