Грецияда эпидемия коркунучу
Саламаттыкты сактоо министрлиги, табигый кырсыктан жапа чеккен аймактарда зыянкечтердин жана кемирүүчүлөрдүн санынын көбөйгөнүн эскертти.

Грецияда өткөн аптада болгон сел апаатынан кийин эпидемиялык эскертүү берилди.
Саламаттыкты сактоо министрлиги, табигый кырсыктан жапа чеккен аймактарда зыянкечтердин жана кемирүүчүлөрдүн санынын көбөйгөнүн эскертти.
Билдирүүдө мунун олуттуу эпидемиялык ооруларга себеп болоору жана чиркейлер аркылуу жугуучу Батыш Нил вирусуна чалдыккандардын сынынын да көбөйүшү мүмкүн экендиги белгиленди.
Апааттан өлгөн жаныбарлар да ден соолукка коркунуч жаратууда. Өлкөдө ысытма, жөтөл, баш оору жана ич өткөк учурлары байкала баштады.
Сел каптаган жерлерде элден кран суусун колдонбоону суранышты. Антпесе гастроэнтерит, гепатит, териде исиркектер сыяктуу эпидемия коркунучу бар экени баса белгиленди.
Апааттан кийин кесепеттерди жоюу үчүн аракеттер көрүлүп жатканда, Афина-Тесалоники автожолунун кээ бир жерлери дагы эле суу астында.
Эки ири шаардын ортосундагы жол байланышы жабылды. Селдин темир жол тармагына да чоң зыян келтиргени айтылды.