Эгипетте 3 күндүк аза күтүү жарыяланды

Сисинин Мароккодогу жер титирөө жана Ливиядагы сел апаатынан улам бул өлкөлөргө көңүл айткандыгы билдирилди.

2036316
Эгипетте 3 күндүк аза күтүү жарыяланды

Египет президенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта президент Абдель Фаттах аль-Сисинин бүгүн эртең менен кээ бир армия командирлери менен жолугушкандыгы белгиленди.

Билдирүүдө Сисинин Мароккодогу жер титирөө жана Ливиядагы сел апаатынан улам бул өлкөлөргө көңүл айткандыгы билдирилди. 

"Марокко жана Ливиядагы боордошторубуз менен тилектештик максатында Египетте үч күндүк аза күтүү жарыяланды",- деп айтылган билдирүүдө Сисинин куралдуу күчтөргө да чукул түрдө Марокко жана Ливияга абадан жана деңизден гуманитардык жардам жиберүү жана бардык гуманитардык жардамды көрсөтүү тапшырмасын  берди. 

Марокконун ички иштер министрлиги 8 - сентябрь жума күнү кечинде болгон жер титирөөдө ушул убакка чейин 2 миң 862 кишинин каза болгонун, 2 миң 562 кишинин жараланганын жарыялады.

Өлкөнүн чыгышындагы «өкмөттүк саламаттыкты сактоо булактары» сел апаатында каза болгондордун саны 3 миңден ашканын билдирсе, Кызыл Крест дайынсыз жоголгондордун саны 10 миңге жеткенин жарыялады.

 

 



Тектеш кабарлар