ПКК/ЙПГ Бабда мечитти бутага алды
Айылга түшкөн ракеталардын бир бөлүгү жарандардын үйлөрүнө тийип, Омар бин Хаттаб мечити да кол салуулардын бутасы болуп зыян тартты.
2034458



ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюму Сириянын түндүгүндөгү Баб районуна караштуу эл - Улашлы айылындагы мечитти жана кээ бир жарандардын үйлөрүн ракета менен бутага алды.Сириянын түндүгүндөгү Баб районуна караштуу эл - Улашлы айылындагы мечитти жана кээ бир жарандардын үйлөрүн ракета менен бутага алды.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн «Евфрат калканы» операциясы менен террордон тазаланган Бабдын чыгышындагы Урайме аймагын басып алган ЙПГ/ПКК террористтери Улашлы айылына бир нече ракета аткычтар менен кол салды.
Айылга түшкөн ракеталардын бир бөлүгү жарандардын үйлөрүнө тийип, Омар бин Хаттаб мечити да кол салуулардын бутасы болуп зыян тартты.
Террордук кол салуудан кийин Улашлыда жашаган 200гө жакын үй - бүлө Бабдын борборуна көчүүгө аргасыз болду.