Болгарияда болгон селде 4 киши каза болду
Царево шаарынын мэри Георгий Лапчев да селден улам аймактагы инфраструктурага олуттуу зыян келтирилгенин билдирди.
Болгариянын түштүк - чыгышында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селден каза болгондордун саны 4кө жетти.
Болгариянын маалымат агенттигинин (БТА) кабарына караганда Бургас шаарынын жергиликтүү жооптуу кызматкерлеринен Эмил Павлов өлкөнүн Кара деңиз жээгиндеги Царево шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам селден каза болгондордун саны 2ден 4кө чыккандыгын айтты.
Царево шаарынын мэри Георгий Лапчев да селден улам аймактагы инфраструктурага олуттуу зыян келтирилгенин билдирди.
Лапчев сел сууларынын аймактагы дамбалардын дубалдарына зыян келтиргендигине байланыштуу шашылыш оңдоо иштеринин башталарын айтып, электр жарыгысыз конуштун жок экендигин белгиледи.
Лапчев тургундарды кран суусун азырынча ичүүгө болбой тургандыгын эскертти.
Лапчев кечээки жыйындан кийинки билдирүүсүндө селден жабыркаган 100дөн ашуун адамдын эвакуацияланганын айтты.
Тектеш кабарлар
Израилдин Коопсуздук кабинети чогулат
Жыйында Ирандын ракеталык чабуулуна Израилдин жооп кайтаруусунун карала турганы билдирилди.