Дейр-эз-Зордогу кагылышуулар Ракка жана Хасекеге да жайылды

Тынчтык булагы операциясы (BPH) аймагындагы араб уруулары, Ракка жана Хасекенин түндүгүндөгү ПКК/ЙПГ террористтери басып алган аймактарга таң эрте операция баштады.

2032421
Дейр-эз-Зордогу кагылышуулар Ракка жана Хасекеге да жайылды

Жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Сириянын чыгышындагы Дейр эз-Зор провинциясында бир отурукташуу жерине  кол салуусунан бири бала болгон 2 жаран каза болду.

Дейр эз-Зор облусунун чыгышында араб уруулары тарабынан террордон тазаланган Хачин айылына ПКК/ЙПГнын оор куралдар менен кол салуусунда 7си бала 13 жаран жаракат алды.

Сириянын чыгышындагы Дейр эз-Зор провинциясында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ басып алган аймакта ПКК/ЙПГ менен араб урууларынын ортосунда чыккан кагылышуу Ракка жана Хасеке облустарынын элет аймактарына да жайылды.

Тынчтык булагы операциясы (BPH) аймагындагы араб уруулары, Ракка жана Хасекенин түндүгүндөгү ПКК/ЙПГ террористтери басып алган аймактарга таң эрте операция баштаган.

Дейр-эз-Зордогу урууларга колдоо көрсөтүүнү каалаган Тынчтык булагы операциясы аймагындагы араб уруулары, Ракка облусунун түндүгүндөгү Халил Ясин, Хирбет Бейда жана Хасаке облусунун түндүгүндөгү Турги жана Тель-Тавил айылдарын террористтерден тазаланган болчу.

Араб уруулары бул чыр-чатактар ​​болгон аймактарга кошумча конвойлорду жөнөтүшүүдө.

Кагылышуунун чордону болгон Дейр-эз-Зор провинциясынын чыгыш жана түштүк-чыгышындагы аймактарда террордук уюмдун 24 айылды басып алуусу 27-августтан бери жоюлду. Террордук уюм кечээки кол салуусунда эки айылды кайра басып алды.

Араб уруулары кечээ кечинде Манбиждин элетиндеги 4 айылды ПКК/ЙПГдан тазалады.

Уюм Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) армиясынын колдоосу менен «ДЕАШ менен күрөшүү» аты астында басып алган Дейр эз-Зордо элдин баары арабдардан турат.

 

Террордук уюм жаш арабдарды күч менен өз катарына тартууда.

Уюм аймактагы мунай скважиналарын конфискациялоо аркылуу алган мунай затын АКШнын санкцияларына карабастан аткезчилер аркылуу Дамаск башкаруучулугуна сатуу менен киреше табууда.



Тектеш кабарлар