"Идалия" бороону Флорида штатына жетти

Улуттук Ураган Борбору тарабынан бөлүшүлгөн маалыматка караганда, Флоридадагы Китон Бичтен ички тарапка жылып бараткан бороондун ылдамдыгы саатына болжол менен 300 километрге жетти.

2031134
"Идалия" бороону Флорида штатына жетти

«Идалия» бороону АКШнын Флорида штатынын жээгинен кургактыкка жетип, нөшөрлөгөн жамгыр жана суу ташкынына алып келди.

Улуттук Ураган Борбору тарабынан бөлүшүлгөн маалыматка караганда, Флоридадагы Китон Бичтен ички тарапка жылып бараткан бороондун ылдамдыгы саатына болжол менен 300 километрге жетти.

Эртең мененки сааттардан баштап штатта 3-категорияда таасирин көрсөткөн «Идалия», аймакта кеңири масштабдуу электр жарыгынын өзгүлтүккө учурашына, көчөлөрдүн суу астында калышына, аэропорттордун жабылышына жана каттамдардын токтотулушуна себеп болду.

Тынымсыз соккон шамалдын таасири менен толкундун бийиктиги 3 метрге жакындап, Тампа жана Форт Майерс сыяктуу жээк аймактарында көчөлөрдү каптаган суунун деңгээлинин тездик менен көтөрүлгөнү кабарланды.

Флорида штатынын губернатору Рон ДеСантис билдирүүсүндө, «Идалиянын» "болжолдонгондон дагы көп кыйроого алып келиши мүмкүн" жана анын таасир этүүчү аймагы да карталарда көрсөтүлгөн аймактардын тышына чыгышы мүмкүн деп эскертти.

Пинеллас округунун өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Кэти Перкинс да жарандарды "катуу бороон болору" темасында эскертти.

Улуттук Океан жана Атмосфера Башкармалыгынын маалыматына караганда, «Идалия» бороонунан келип чыккан катуу шамал Жоржия штатына карай жылып баратат.



Тектеш кабарлар