Киевде Крым платформасынын саммити өттү
Кечээ Украинанын борбор шаары Киевде алтымыштан ашуун өлкө жана эл аралык уюм катышкан Крым платформасынын 3 - саммити болду.

Кечээ Украинанын борбор шаары Киевде алтымыштан ашуун өлкө жана эл аралык уюм катышкан Крым платформасынын 3 - саммити болду.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулебанын башкаруусунда Киевдеги бир мейманканада болгон саммитке Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Португалиянын президенти Марсело Ребело де Суса, Литванын президенти Гитанас Науседа, Венгриянын президенти Каталин Новак, Крымдын татар түрк калкынын лидери Мустафа Абдулжемил Кырымоглу жана көп сандаган конок катышты.
Президенттин башкы кеңешчиси, элчи Акиф Чагатай Кылыч да катышкан жыйында Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Польшанын президенти Анджей Дуда, Латвиянын президенти Эдгарс Ринкевич, Эстониянын президенти Алар Карис жана көптөгөн өлкөнүн лидерлеринин видео кайрылуулары жарыяланды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган саммитке видео билдирүү жиберип, Крым татар калкына колдоо көрсөткөнүн билдирди.
Зеленский жыйында сүйлөгөн сөзүндө саммиттин маанилүүлүгүн белгилеп : «Бул жылы саммитке Европа, Азия, Америка жана Африкадан алтымыш мамлекет жана эл аралык уюм катышууда. Жыл сайын дагы көп катышуучунун болушу басып алуунун эл аралык укукка жана адамдарга каршы кылмыш экендиги тууралуу глобалдык келишим бар дегенди билдирет",- деди.
Крым татар түрк калкынын лидери жана Украина депутаты Мустафа Абдулжемил Кырымоглу да 2014 - жылы Россия тарабынан аннексияланган Крымдын куткарылышы керектигин айтып : «Жерлерибиздин баскынчылардан бошотуларынан жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузууну каалагандардын оюу ишке ашпай тургандыгына күмөнүбүз жок»,- деди.
Президенттин башкы кеңешчиси элчи Акиф Чагатай Кылыч да Түркиянын 2014 - жылдан бери Крымдын аннексияланышына каршы так жана ырааттуу саясат жүргүзгөнүн эске салды.
Венгриянын президенти Каталин Новак : «Россиянын негизсиз агрессиясын айыптоо керек», - деди.
Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони саммитке жиберген видео кайрылуусунда Батыштын 2014 - жылы эмне болгонун толук түшүнө албаганына көңүл буруп : "2014 - жылы Батышта эмне болуп жатканы толук түшүнүктүү болгон эмес, же балким, Москванын империалисттик кадамы ушуну менен токтой тургандыгы ойлонулду. Биз жаңылдык жана муну моюнга алышыбыз керек",- деди.
Литва, Латвия, Эстония, Польша жана Финляндиянын лидерлери да Крымга колдоолорун билдиришти.