Россия Идлибге абадан операция жүргүздү

Россиянын аскердик учагынын Сириядагы Идлиб чыңалуусун азайтуу аймагына жасаган аба операциясында 2 жаран каза болуп, 5 жаран жараланды.

2028255
Россия Идлибге абадан  операция жүргүздү

Россиянын аскердик учагынын Сириядагы Идлиб чыңалуусун азайтуу аймагына жасаган аба операциясында 2 жаран каза болуп, 5 жаран жараланды.

Оппозициячылдарга таандык учак байкоо үйүнөн алнган маалыматка караганда жергиликтүү убакыт боюнча саат  22:28де Латкиядагы Хмеймим аба базасынан учуп чыккан орус аскердик учагы Идлибдеги Айн Шиб айылына абадан кол салуу жасады.

Сириядагы Жарандык коргонуу (Ак каскачандар) кол салууда 2 жарандын каза болуп,5 жарандын жаралангандыгын билдирди.

Жабыркагандар тегеректеги ооруканага жеткирилдт.

Түркия, Россия жана Иран 2017-жылы Астанада болгон жолугушууда Сирия башкаруучулугунун көзөмөлүндө болбогон аймакта 4 "чыңалууну азайтуу аймагын» түзүү чечимин чыгарган.

Дамаск башкаруусу Иран колдогон террористтер жана Россия, кол салууларды улантып  4 аймактан үчөөсүн колго алып Идлибге багыт алды. 

Түркия 2018 -  жылы сентябрь айында Россия менен ок атууну токтотууну бекемдөө үчүн кошумча келишим түзсө да кол салуулар 2019 -  жылдын май айында карадан күч алган.

Түркия менен Россиянын 2020 - жылдын 5 - мартындагы жаңы келишиминен кийин ок атышпоо эрежеси  негизинен сакталды.

2017-2020-жылдары кол салуулардан качкан 2 миллионго жакын жаран Түркия чек арасына жакын аймактарга көчүүгө аргасыз болгон.

 



Тектеш кабарлар