Израиль аскерлери Бурка айылына кол салды

Израиль күчтөрү  газ бомбасы, үн бомбасы жана чыныгы ок колдонду.

2028087
Израиль аскерлери Бурка айылына кол салды

Израиль аскерлеринин коргоосу астындагы еврей отурукташуучуларынын оккупациядагы Батыш Шерианын түндүгүндө жайгашкан Бурка айылына карата кол салуусунда бир палестиналык чыныгы октон жараланып, 30 палестиналык газдан жабыркады.

Отурукташуучулар Наблус -Женин жолундагы палестиналыктарга таандык унааларга таш менен Бурка айылында да палестиналыктардын үйлөрүнө курал менен кол салышты.Израиль күчтөрү  газ бомбасы, үн бомбасы жана чыныгы ок колдонду.

Израиль аскерлери чыныгы ок менен жасаган куралдуу кол салуусунда бир паестиналык жараланып, 30 палестиналык газдан жабыркады.

Бурка айылы мыйзамсыз Хомеш отурукташуу жерине жакын болгондуктан отурукташуучулардын кол салуусуна дуушар болууда.

Израиль оккупациялаган Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста еврей конуштары эл аралык мыйзамдарга ылайык мыйзамсыз деп эсептелет.

Бир тараптан Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын Хамас саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Израилдин палестиналыктарды бутага алуусун күчөткөн сайын чыңалуу жана кагылышуу чөйрөсү кеңейе тургандыгын билдирди.

Хания оккупациядагы Батыш Шериада эч кандай саясий жана коопсуздук чечүүчү жолдун жок экендигин айтты.  



Тектеш кабарлар