Канададагы токой өрттөрү
Канаданын Британ Колумбиясы жана Түндүк-Батыш аймактарындагы токой өрттөрүн өчүрүү жана эвакуациялоо иштери тынымсыз уланууда.
Канаданын Британ Колумбиясы жана Түндүк-Батыш аймактарындагы токой өрттөрүн өчүрүү жана эвакуациялоо иштери тынымсыз уланууда.
Британ Колумбиясынын премьер-министри Дэвид Эби акыркы 24 саатта өрттүн тездик менен жайылып, кырдаалдын курчуп жаткандыгын айтты.
Болжол менен 15 миң кишинин эвакуацияланганын белгилеген Эби : "Мындай ылдам начарлоодон улам биз бүгүн кечинде жалпы аймакта өзгөчө кырдаал жарыяладык",- деди.
CBC News телеканалы 150 миңдей калкы бар Келоуна штатындагы өрттөн олуттуу сандагы имараттын жабыркагандыгын билдирди.
Шаардагы токой өрттөрү менен күрөшүүдө алдыңкылык өрткө абадан кийлигишкен учактарга берилгендиктен Келоуна аэропортундагы каттамдардын токтотулгандыгы айтылды.
Британ Колумбиясынын чукул кырдаалдар боюнча директору Бовинн Ма аймактагы 20 миң кишиге эвакуация боюнча эскертүү берилгенин айтты.
16-августтан тарта Канадада 1067 токой өртүнүн уланып жаткандыгы жана быйыл өлкөдө 21 миң чарчы километр аянттын күйүп кеткени кабарланган.