Грузиянын премьер - министри Израилде

Грузиянын премьер  - министри Иракли Гарибашвили менен израилдик кесиптеши Беньямин Нетаньяху экономикалык карым  - катнаштарды бекемдөө тууралуу сүйлөштү.

2026387
Грузиянын премьер  - министри Израилде

Грузиянын премьер  - министри Иракли Гарибашвили менен израилдик кесиптеши Беньямин Нетаньяху экономикалык карым  - катнаштарды бекемдөө тууралуу сүйлөштү.

Грузиянын премьер-министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилде расмий жолугушууларды өткөргөн Гарибашвилинин Нетаньяху менен жолугушкандыгы белгиленди.

Билдирүүдө эки премьер-министр Грузия менен Израилдин ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштарды жана түрдүү тармактарда, биринчи кезекте экономикалык кызматташтыкты чыңдоону талкуулагандары маалымдалды.

Израилдин премьер-министри Нетаньяху менен болгон жолугушуусуна социалдык медиада баа берген Гарибашвили : «Келерки жылы эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайбыз жана бул процессте экономикалык, коргонуу жана коопсуздук байланыштарыбыз чыңдалууда. Мен Израилдин Грузиянын эгемендүүлүгү жана аймактык бүтүндүгү боюнча колдоосуна ыраазымын",- деди.



Тектеш кабарлар