Суданда аба мейкиндиги жарым-жартылай ачылды
Эл аралык Порт Судан аэропортунун 15-августтан тарта жарандык каттамдарга ачылганы белгиленди.
2025146

Судандын жарандык авиация башкармалыгы өлкөнүн чыгышындагы аба мейкиндигинин жарым-жартылай ачылганын жарыялады.
Мекеменин билдирүүсүндө, Кызыл деңиз аймагына караштуу Порт Судан шаарындагы Эл аралык Порт Судан аэропортунун 15-августтан тарта жарандык каттамдарга ачылганы белгиленди.
Армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда 15-апрелден бери кагылышуулар уланып жаткан Суданда эвакуация жана гуманитардык жардам каттамдарынан тышкары аба мейкиндиги жабык эле.