Кытайдын коргоо министри Орусия менен Беларуска барат
Министр Ли 15-августта Орусияда өтө турган 11-Москва эл аралык коопсуздук конференциясында сөз сүйлөйт.

Кытайдын коргоо министри Ли Шанфу Орусия менен Беларуска барат.
Кытайдын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, министр Ли 15-августта Орусияда өтө турган 11-Москва эл аралык коопсуздук конференциясында сөз сүйлөйт.
Ли Москвага сапарында 2022-жылдын 24-февралынан бери уланган Орусия-Украина согушунун себебинен Батыш менен чыңалуулар болуп жаткан мезгилде орус коргоо жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Кытайлык министрдин Беларуста да президент Александр Лукашенко жана коргоо өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Март айында кызматка киришкен Ли апрелде Москвага барып, президент Владимир Путин менен жолуккан.
Ли Орусиянын деңиз күчтөрү командири адмирал Николай Евменов менен да июль айындагы Кытайга сапарынын алкагында борбор шаар Пекинде жолугушкан.
Кытайдын Америка Кошмо Штаттары менен геостратегиялык атаандаштыгы жана аймактык чыңалуу күчөгөн мезгилде башталган Орусия-Украина согушунун Пекин башкаруусун Москвага жакындатканы байкалууда.