Данияда Куранга кол салуулар
"Danske Patrioter (Даниялык патриоттор)" тобунун мүчөлөрү Копенгагенде Түркия, Ирак, Египет, Сауд Арабия жана Ирандын элчиликтеринин алдында Куранды өрттөштү.

Даниянын борбор шаары Копенгагенде ашынган оңчул топтун Курани Каримге каршы кол салуулары уланып жатканда, провокациялар өлкөнүн башка шаарларына да жайылды.
Исламга каршы жана ашынган улутчул "Danske Patrioter (Даниялык патриоттор)" тобунун мүчөлөрү Копенгагенде Түркия, Ирак, Египет, Сауд Арабия жана Ирандын элчиликтеринин алдында Куранды өрттөштү. Бул топ Исламга каршы баннерлерди көтөрүп, ураандарды кыйкырып турушту.
Бейшемби күнү социалдык медиа баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө Даниянын бүтүндөй жеринде Куранга кол салууларын күчөтүүнү уланта тургандарын жарыялаган топ провокацияларын Даниянын Оденсе жана Вейле шаарларына да алып барды.
Топтун мүчөлөрү бул жерде ушул көз ирмемдерди социалдык медиа аккаунттарында түз эфирде бөлүшүп, Куран менен жайнамаздын үстүнө басышты. Топтогу бирөөнүн түрк желегин басып кеткени да байкалды. Аталган видео көп өтпөй Facebook тарабынан өчүрүлдү.
Провокациялар полициянын коргоосу менен коштолду.
Facebook топтун айрым видеолоруна чектөө койду.
Акыркы кезде Швеция менен Данияда Куранга каршы кол салуулар күчөп, бул провокацияларга жол берүүлөргө каршылык көрсөтүлүүдө.
Данияда Исламга каршы жана ашынган улутчул топ жакында 28-июлда Копенгагендеги мечиттин алдында, 1-августта Түркия, Ирак, Египет жана Сауд Арабиясынын Копенгагендеги элчиликтеринин алдында, 3-августта болсо Түркия, Ирак, Египет, Сауд Арабия жана Ирандын элчиликтеринин алдында Курани Каримди өрттөгөн.