Мелони "Плацебо" тобунун солистин сотко берди

11-июлда берген концертинде солист Молко сахнадан премьер-министр Мелонини «фашист жана расист» деген.

2019985
Мелони "Плацебо" тобунун солистин сотко берди

Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони британиялык "Плецебо" рок-музыка тобунун солисти Брайан Молкону сотко берди.

Турин шаарына жакын Ступинигидеги музыкалык фестивалдын алкагында 11-июлда берген концертинде солист Молко сахнадан премьер-министр Мелонини «фашист жана расист» деген.

Окуядан кийин 51 жаштагы солист Молко Туриндин Башкы прокуратурасы тарабынан мамлекеттик мекемелерди кемсинтип, премьер-министрге акаарат келтиргени үчүн тергөөгө алынган.

Молконун күнөөсү далилденсе, 1000ден 5000 еврого чейин айып пул төлөшү мүмкүн экени белгиленди.



Тектеш кабарлар