Нигерде кээ бир министрлер кармалды

Президент Базумдун партиясы ПНДС-Тарайядан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта төңкөрүшчүлөрдүн түн жарымында кээ бир партия жетекчилерин жана министрлерди камоого алганы жарыяланды.

2018654
Нигерде кээ бир министрлер кармалды

26-июлда Нигерде бийликти басып алган хунта президент Мохаммад Базум өкмөтүнүн кээ бир министрлерин жана кызматкерлерин камакка алган.

Президент Базумдун партиясы ПНДС-Тарайядан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта төңкөрүшчүлөрдүн түн жарымында кээ бир партия жетекчилерин жана министрлерди камоого алганы жарыяланды.

Билдирүүдө ички иштер министри Хама Амаду Сулей, тоо-кен министри Хадиза Оссейни жана транспорт министри Оумару Малам Алманын кармалганы белгиленген.

Кармалган министрлердин арасында мунай министри Сани Иссуфу Махамаду менен бирге хунта менен Базумдун ортосунда арачы ролун аткарган мурдагы президент Махамаду Иссуфунун уулу да бар экени белгиленди.

Билдирүүдө көптөгөн министрлер менен байланышууга мүмкүн болбогону, демократия жактоочуларын негизсиз камоолор менен коркутууга аракет кылынганы баса белгиленди.

 

Нигердеги төңкөрүш

 

Нигерде президент Базум 26-июлда президенттик гвардия полкунун элементтери тарабынан кармалган жана ошол эле күнү кечинде аскерлер бийликти басып алганын жарыялашкан.

Президенттик гвардия полкунун командири генерал Абдуррахмане (Омар) Тчиани 28-июлда Ата Мекенди коргоо улуттук кеңеши (CNSP) деп аталган хунтанын жетекчилигине киришип, өткөөл өкмөттүн башчысы болгонун жарыялаган.

Базум 26-июлдан бери жеке резиденциясында камакта.



Тектеш кабарлар