Курандын өрттөлүшүнө тоскоол болгусу келген аялга полиция уруксат бербей койду

Данияда исламга каршы жана ашынган улутчул «Данске Патриот» тобунун мүчөлөрү 24-июлда Ирактын Копенгагендеги элчилигинин алдында Куранды өрттөөгө камданып жатканда бир аялдын реакциясына туш болушкан.

2016968
Курандын өрттөлүшүнө тоскоол болгусу келген аялга полиция уруксат бербей койду

Даниянын борбор шаары Копенгагенде бир топ тарабынан Курани Каримдин өрттөлүшүнө тоскоол болгусу келген аялга алар кол салганда, полиция кийлигишип, окуя болгон жерден аялды алыстатышты.

Данияда исламга каршы жана ашынган улутчул «Данске Патриот» тобунун мүчөлөрү 24-июлда Ирактын Копенгагендеги элчилигинин алдында Куранды өрттөөгө камданып жатканда бир аялдын реакциясына туш болушкан.

Топ жайгашкан аймакка бет алган аял үстүнө бут кийим коюлган Куранды алып, аны өрттөп жибербөөгө аракет кылган.

Топтун мүчөлөрү аялга кол салуу менен Куранды тартып алууга аракет кылып жатканда, полиция кийлигишкен.

Тараптарды экиге бөлгөн полиция аялдын колунан  Куранды алып кайрадан топтун мүчөлөрүнө берди.

Реакциясын кыйкырык менен билдирген аял «Куранды эч ким өрттөбөйт, уят» деп жатты.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, полиция  бир аз сүйлөшүп, анын өздүгүн тактаган аялды милиция бөлүмүнө алып барып, «уурдоо аракети» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Аялдын түшүндүрмөсү алынгандан кийин бошотулган.



Тектеш кабарлар