Норвегияда 12 министрликке кибер чабуул болду

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактык өнүгүү министри Сигбьорн Гельсвик кибер чабуулдарды олуттуу кабыл алышарын билдирди.

2015731
Норвегияда 12 министрликке кибер чабуул болду

Норвегияда 12 министрликке кибер чабуул жасалганы жарыяланды.

Норвегия өкмөтүнүн жазуу түрүндөгү жарыясында кибер чабуулдар болгон 12 министрликтин көрүлгөн коопсуздук чараларынан улам электрондук почта жана башка мобилдик кызматтарга кире албаганы белгиленди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактык өнүгүү министри Сигбьорн Гельсвик кибер чабуулдарды олуттуу кабыл алышарын билдирди.

Гельсвик Норвегиянын Өкмөтүнүн Коопсуздук жана Кызмат бөлүмү (DSS) кырдаалга кылдат байкоо салып, чараларды көрүп жатканын билдирди.

DSS төрагасы Эрик Хоуп: «Чабуулдун артында ким турганы жана анын масштабы тууралуу айтууга али эрте»,-деди.

Буга чейин да Норвегиянын өкмөтүнө каршы кибер чабуулдар болгон.



Тектеш кабарлар