Россия украиналык 62 аскердин сөөгүн тапшырды
Сөөктөрдү тапшыруунун Женева келишимине ылайык түрдө болгондугу маалымдалды.
2011533
Украина Россия тарабынан убактылуу аннексиялаган жерлеринде каза болгон 62 аскердин сөөгүн өткөрүп алды.
Украинанын Убактылуу оккупациядагы жерлердин кайрадан интеграциясы башкармалыгынан берилген маалыматта Россиянын көзөмөлүндөгү Украина жерлеринде каза болгон аскерлердин сөөктөрүнүн тапшырылгандыгы белгиленди.
Украиналык 62 аскердин жаназасынын өткөрүлүп алынгандыгы билдирилген маалыматта : "Булардан төртөөсү жаралануу, оору жана медициналык жардамдын жетишсиздигинен душман туткунунда каза болду",- деп айтылды.
Билдирүүдө сөөктөрдү тапшыруунун Женева келишимине ылайык түрдө болгондугу маалымдалды.