Грециянын премьр - министри Кирякос Мицотакис грек журналисттердин суроосуна жооп берди
Грециянын премьр - министри Кирякос Мицотакис НАТО саммитинин алкагында президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуусунун негизги жыйынтыгынын эки лидердин позитивдүү көз караш менен кайрадан жакындашуу каалоосун көрсөтүүсү болгондугун белгиледи.
Грециянын премьр - министри Кирякос Мицотакис НАТО саммитинин алкагында президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуусунун негизги жыйынтыгынын эки лидердин позитивдүү көз караш менен кайрадан жакындашуу каалоосун көрсөтүүсү болгондугун белгиледи.
Мицотакис Литванын борбор шаары Вильнюста өткөрүлгөн НАТО саммитинин алкагында өткөргөн маалымат жыйынында грек журналисттеринин суроолоруна жооп берди.
Эрдоган менен НАТО саммитинин алкагында өткөн эки тараптуу жолугушуунун жакшы маанайда өткөнүн баса белгилеген Мичотакис : Бүгүнкү жолугушуубуз (12-июль) менин жана президент Эрдогандын түрк-грек карым - катнаштарынын кайра жанданышына байланыштуу ниетибизди жана алдыдагы айларда кандай кыймыл кылып, жол картасын жүргүзөрүбүздү дагы бир жолу ортого салды»,-деди.
Мицотакис Эрдоган менен Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин алкагында Салоникиде кайрадан жолугушууну пландап жаткандарын эске салып буларды айтты : «Бул Түркия менен арабыздагы маанилүү маселелер сыйкырдуу түрдө чечилди деген мааниге келбейт бирок эки лидердин тең позитивдүү көз карашы менен кайрадан жакындашууну каалагандыгын көрсөткөндүгүнө ишенем. Менин оюмча бүгүнкү жолугушуунун эң негизги жыйынтыгы бул».
Түркия менен Грециянын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу ниетинин саясий диалог, ишенимди чыңдоо чаралары жана оң күн тартиби болгон үч негиздин бар экенин белгилеген Мицотакис, тышкы иштер министрлеринин жетекчилигинде жүргүзүлө турган саясий диалогдун алкагында маанилүү геосаясий маселелер жана деңиз юрисдикциялык аймактар, эксклюзивдүү экономикалык аймак жана континенталдык шельфтин карала тургандыгын белгиледи.
Мицотакис оң күн тартибинин алкагында экономика, энергетика жана жарандык коргонуу сыяктуу ар түрдүү тармактарда кызматташтыктын түзүлө тургандыгын айтты.
Түркия жана Европа Биримдиги карым -катнаштарынын Европа Биримдиги Кеңешинде карала тургандыгын билдирген Мицотакис түрк - грек карым - катнаштарындагы жакындашуунун Түркиянын ошондой эле Европа Биримдигине жакындашына жардам берерин белгиледи.