АКШнын казына министринен Кытайга чакыруу

АКШнын каржы министри Америка Кошмо Штаттарынын  каржы министри Жанет Йеллен климаттын өзгөрүшүн "экзистенциалдык коркунуч" деп мүнөздөп Кытайды муну менен бирге күрөшүүгө чакырды.

2008698
АКШнын казына министринен Кытайга чакыруу

Америка Кошмо Штаттарынын  каржы министри Жанет Йеллен климаттын өзгөрүшүн "экзистенциалдык коркунуч" деп мүнөздөп Кытайды муну менен бирге күрөшүүгө чакырды.

CNN телеканалынын кабарына караганда Йеллен Кытайдын борбор шаары Пекинге болгон сапарында климат боюнча адистер менен жолугушуп, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү темасын талкуулады.

Кытай менен АКШнын ортосунда көптөгөн темада пикир келишпестиктерге карабастан глобалдык темаларда бирге иштешүү керектигин белгилеген Йеллен буларды айтты : "Дүйнөдөгү парник газдарынын эң чоң эмитенти жана кайра жаралуучу энергиянын эң ири инвесторлору катары бизде жалпы жоопкерчилик жана жетекчилик кылуу мүмкүнчүлүгү бар. Климаттын өзгөрүшү глобалдык көйгөйлөрдүн тизмесинин башында турат. АКШ менен Кытай бул маселени чечүү үчүн биргелешип иштеши керек".



Тектеш кабарлар