Ак үй АКШлык жана орус жетекчилердин сүйлөшкөндүгү тууралуу айтылгандарды четке какты
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Ак үйдүн күнүмдүк пресс - жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ак үй америкалык жана орус жетекчилердин Украина тууралуу Нью - Йоркто жашыруун түрдө сүйлөшкөндүгү тууралуу айтылгандары четке какты.
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Ак үйдүн күнүмдүк пресс - жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Салливан АКШнын мурдагы жогорку мартабалуу улуттук коопсуздукжетекчилери менен орус жетекчилеринин Нью-Йоркто Украина боюнча жашыруун түрдө сүйлөшкөндүгү тууралуу : «(АКШнын аналитикалык борбору) Эл аралык мамилелер боюнча Кеңеш (CFR) менен Россиянын тышкы иштер министринин (Сергей Лавров) жолугушуусу болду",- деди.
Салливан бул жолугушууга АКШ өкмөтүнүн тиешесинин жок экендигин баса белгилеп, бул жыйын аркылуу эч кандай дипломатиялык билдирүүнүн берилбегенин баса белгиледи.
Америкалык жарандар менен орустардын арасында көптөн бери байланыштардын бар экенине көңүл бурган Салливан : «АКШ өкмөтү түздөн-түз, кыйыр же башка жол менен дипломатияга үндөгөн билдирүүлөрдү берүү үчүн бул шилтемелердин эч бирин колдонбойт»,-деди.