Германия Румынияга аскер жибербейт
Немис өкөмтүнүн НАТОнун алкагында Румынияга аскер жайгаштыруу планынын жок экендигин билдирди.
Немис өкмөтүнүн НАТОнун алкагында Румынияга аскер жайгаштыруу планынын жок экендигин билдирди.
Германиянын коргоо министрлигинин катчысы Михаэль Штемпфл борбор шаар Берлинде өткөрүлгөн маалымат жыйында өлкөсүнүн НАТОнун алкагында Литва менен Франциянын болсо Румыния менен кызматташкандыгын белгиледи.
Штемпфл ушундан улам Германия өкмөтүнүн Румынияга аскер жиберүү тууралуу милдеттуу эмес экендигин билдирди.
Германия өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейт да Румыниянын премьер-министри Ион-Марсель Чолакунун бул талабына көңүл бурушкандарын, бирок мурда мындай талап менен кездешпегендерин айтты.
Румыниянын премьер-министри Ион-Марсель Чолаку кечээ Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушкандан кийин өткөрүлгөн пресс жыйында НАТОнун чыгыш флангасын чыңдоонун алкагында немис аскерлеринин өлкөсүндө туруктуу жайгашуусунан үмүт кылгандыгынан сөз кылган.